www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамкаттоо:

Республикадагы Калкты тейлөө борборлоруна баруудан мурда электрондук  кезекке турса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.

Каттоого туруу үчүн жарандар «Earlyone» мобилдик платформасын колдоно алышат.

13-июлдан тарта Ауэзов 1/5 дарегиндеги №4 Калкты тейлөө борбору аталган платформанын негизинде иштей баштады.

«Платформаны колдонуу үчүн Play Market же App Store интернет дүкөндөрүнөн «Earlyone» тиркемесин көчүрүп алуу керек. Анын жакшы жери, жазылган мөөнөтүнөн кечигип жаткан болсо, аны 15 мүнөткө жылдырууга болот», - деп айтылат маалыматта.

Электрондук кезекке туруу менен жарандар убакытын үнөмдөй алышат.

«Долбоор толук түрдө бир жыл ичинде Армениядагы компаниялардын биринин техникалык колдоосу менен ишке ашырылат», - деп кошумчалашты мамлекеттик каттоодон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости