www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүктөрү башка өлкөлөрдө таанылганын бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү ар кайсы өлкөлөргө жеткирилген. "Алар боюнча эч кандай арыз түшкөн жок. Бул документ Вена конвенциясына толук шайкеш келет. Парламенттин бир нече мүчөсү Учкун заводуна барып, айдоочулук күбөлүктөрдүн жана башка документтердин кандайча берилип жатканын өз көзү менен көрүштү", - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, буга чейин депутаттар жана жарандар жаңы айдоочулук күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай турганын жана кыргызстандыктар бул көйгөйгө туш болуп жатканын белгилешкен.

Последние новости