www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев КМШ ПААнын Санкт-Петербург шаарындагы (Россия Федерациясы) иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.

Тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында сөз кылышты. 

Төрага Марлен Маматалиев акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелери жигердүү өнүгүп, өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган чоң мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи. Муну менен катар эки тараптуу байланыштар туруктуу жана үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ экенин айтып, биргелешкен аракеттер күн тартибин практикалык демилгелер менен толуктоого өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады. 

Төрага кыргыз тарап парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого да даяр экенин билдирип, депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде да тыгыз иш алып барууну сунуштады. 

Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу жана институционалдык багытта тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгына токтолду. 

Ошондой эле Марлен Маматалиев парламентти санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылып, бул жааттагы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын апрель айында Москва шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен да жолугушканын эске салып, анда кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланганын белгиледи.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын ырааттуу өнүгүп жатканын айткан Төрага 2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган амбициялуу максатты биргелешкен аракеттер аркылуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Андан сырткары, Беларусь КМШ өлкөлөрүнүн ичинен сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүдө, анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо жаатында бай тажрыйбага ээ экенин айткан Төрага Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо багытында айрым көйгөйлөр бар экенин белгилөө менен өзгөчө муктаж жарандарды акысыз дарылоо үчүн квоталарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал мындай практика Түркия менен буга чейин эле колдонулуп жатканын мисал кылды. 

Жолугушууда Беларусь тараптын көңүлүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө да бурган Төрага кесиптешин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыра кетти. 

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, парламентаризмди чыңдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле эки мамлекеттин президенттеринин саясий эркинин жана ишенимдүү мамилелеринин аркасында кыргыз-беларусь кызматташтыгы сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгып, өнүгүүгө багыт алганын канааттануу менен белгиледи.

Айрыкча эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсү соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканына токтолду. .

«Биз калыптанган мамилелерди сактап калуу менен гана чектелбестен, кызматташууну, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү ырааттуу бекемдөөгө тийишпиз», – деди Төрайым. 

Мындан тышкары, Наталья Кочанова Беларусь Республикасынын азык-түлүк экспорттоо, машина куруу, саламаттык сактоо жана социалдык саясат жаатындагы жетишкендиктерине өзгөчө токтолуп, аталган багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдирди.

Ошону менен катар Наталья Кочанова Төрага Марлен Маматалиевди Беларусь Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-беларусь кызматташтыгы мындан ары да бекемделерине ишенерин билдиришип, эки өлкөнүн алакасын жигердүү өнүктүрүүгө тилектештигин белгилешти.

Последние новости