www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүлүктүдө “Киберкылмыштуулук” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран кармалды. Маалыматка ылайык,Ош облусунун 32 жаштагы Н.А. аттуу тургуну төрт факт алдамчылык кылмыш ишине байланыштуу соттук отурумга келбей, тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн ага карата издөө жарыяланган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынан шектүү жаран кармалып, Лейлек РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө.