www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик «Ulaanbaatar Open» турниринде Кыргызстандын балбаны Малик Шаваев коло медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү 86 килограмм салмак категориясында күч сынашып, ийгиликтүү беттештерди өткөрдү. Алгачкы айлампада Индиянын өкүлү Мукул Дахьяны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген Шаваев чейрек финалда Түштүк Кореянын балбаны Тэгю Хванды 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандык спортчу Ирандын өкүлү Мохаммад Ноходиларимиге 5:8 эсебинде утулуп калды.

Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон кармашта Монголиянын балбаны Бьямбадорж Бат Эрдэнени 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, рейтингдик турнирдин коло медалына ээ болду.

Учурда Монголиядагы эл аралык мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбандары байгелүү орундар үчүн күрөштү улантууда.

Последние новости