www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы Посольство России в Киргизии - Россиянын Кыргызстандагы Элчилиги расмий баракчасында Андрей Малаховдун кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзүнө пикирин билдирди.
«Теле алып баруучу Андрей Малаховдун сөздөрү боюнча бир гана нерсени айтса болот: адамды таарынтуу оңой, бирок ошол жүк менен жашоо оор. Эгер бүтүндөй элди мазактаган болсоң, андан бетер...», - деп жазылган билдирүүдө.
/Малахов - не наш герой. В связи с высказываниями телеведущего А.Малахова можно сказать одно: легко обидеть человека, но трудно с этим жить. Еще хуже, если оскорбляешь целый народ.../
Эскерте кетсек, 24-сентябрь күнү Андрей Малахов «Прямой эфир» көрсөтүүсүндө “бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн”, деп айтып “10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баардык нерсеге даяр" деген "сөз" ыргыткан.
Түз эфирде айкырып, кыйкыра берген Малахов айткан сөзүнөн кийин талкууга алынып, социалдык баракчасында жемеге калды.
Булак: NazarNews.kg