www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумундагы сүйлөгөн сөзү коомчулукта талкуу жаратып, жемеден-жемеге калды. Дегенибиз менен агасы инисине болушуп, соцтармактан үн катты.
Төмөндө Дайыр Кенекеевдин Дастан Жумабеков тууралуу пикири толугу менен:
--Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумундагы сүйлөгөн сөзү коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам, 2018-жылы АКШ мамлекетинин Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасынын чоң жыйындар залына чыгып сүйлөгөнүм эсиме түштү. Жогорку деңгээлдеги эл аралык жыйындарда башка тилде эмес, эне тилибизде оюбузду эркин билдире албай турган толкундануу, айтып түшүндүрө алгыс сүрдөнүү пайда болот экен. Ошондой болсо дагы мамлекетибиздин кызыкчылыгын талашып, өз оюбузду билдирип келген элек.
65 өлкөнүн делегациялары катышып, анын ичинде 41 делегацияны спикерлер жетектеп барган отурумда Дастан Жумабековдо албетте толкундануу болбой койбосо керек.
Кандай болгон күндө дагы, Дастан Жумабековдун мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөп, бир нече убакыттан бери Жогорку Кеңеште төрагалык кылып, элге кызмат кылып жүргөндүгүн эч ким тана албаса керек..., деп жазган Дайыр Кенекеев.
Булак: NazarNews.kg