www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Максат Сабиров "Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин, депутаттардын ишеничин аткарган жок", - деп айтты.

"Мен эмне үчүн мурунку премьер-министрге каршы чыкчу элем? Кетип деле калсаңыз болмок деп ачык айткам. Анткени ал президенттин, депутаттардын ишеничин аткарган жок. Кыска мөөнөт болсо да көп нерсени өзгөртсө болот. Жаңы кадрлар жакшы. Мыйзамдуулуктун аткарылышын кароо зарыл. Мыйзамдар аткарылбай жатат. Кесипкөй адистер кызматка келмейинче мамлекет өнүкпөйт. Азыр өкмөттө отурган адистердин жазганын көрүп уяла турган болдум. Кесипкөй кадрларды алып келиңиз. Ушул нерсени 4-5 айда жасап койсоңуз мамлекеттин өнүгүшүн өз көзүңүз менен көрөсүз", - деди депутат.

Жыйында премьер-министрлик кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости