www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлекте «Максат» чек ара заставасынын аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июнда атайын кызмат тарабынан аскер кызматчыларынын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде Лейлек районунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Чек ара кызматынын “Максат” чек ара заставасынын 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери А.М.А. кармалды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мүмкүн болгон контрабандалык жүктөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн түзүлгөн посттор аркылуу Тажикстан тараптан контрабандалык жүктөрдү системалуу түрдө өткөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.