www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон жубайынан муштум жедиби?

Франциянын президенти Эммануэль Макрон кайрадан расмий иш-чарага күндөн коргоочу кара көз айнек тагынып чыкты. Бул жолу ал дүйшөмбү күнү Хайсам бин Тарик Аль Саид менен жолугушууга катышканын француздук BFMTV телеканалы билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, Макрон көз айнегин Елисей сарайына кирип бара жатканда гана эмес, имараттын ичинде кызматташтык тууралуу документтерге кол коюу аземинде жана андан кийин өткөн француз-оман бизнес-форумунда да чечкен эмес.

BFMTV Парижде күн ачык болбогонун белгилеп, ошондуктан күндөн коргоочу көз айнек тагынууга өзгөчө муктаждык болбогонун жазды.

AFP агенттигинин маалыматына ылайык, Макрон көзүндөгү убактылуу көйгөйдөн улам имараттын ичинде да кара көз айнегин чечкен эмес. Ал эми Франциядагы «Патриоттор» партиясынын лидери Флориан Филиппо президенттин мындай көрүнүшү тууралуу өзүнүн божомолун айтып, Макрондун көз айнек тагынып чыгышын анын жубайы Брижит Макрон менен байланыштырган. Бирок бул билдирүү расмий түрдө тастыкталган эмес.

Өткөн жылдын май айында маалымат каражаттары Макрон менен жубайынын катышуусундагы видеону жарыялашкан. Анда Брижит Макрондун колу президенттин жүзүнө тийгендей көрүнгөн учур тартылып калган. Бирок окуянын чоо-жайы боюнча расмий түрдө мындай жоромолдор ырасталган эмес.

Буга чейин да Макрон январь айында Дүйнөлүк экономикалык форум учурунда кара көз айнек менен эл алдына чыккан. Ал муну көзүндөгү кан тамыр жарылганы менен түшүндүргөн.

Кийинчерээк Елисей сарайы президенттин көзүндөгү кан тамырдын жарылышы убактылуу көрүнүш экенин жана мамлекет башчысынын ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөй жок экенин билдирген.
 

Последние новости