www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун убактылуу милдетин аткаруучу Малик Бектургановду көзөмөл органынын жамаатына тааныштырды.

Адылбек Касымалиев ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып, жаңы жетекчинин жана Башкы прокуратуранын жамаатынын биринчи кезектеги милдеттерин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткараарына ишенимин билдирди.

 

 

 

 

 

 

Последние новости