www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 5-февралында Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнө арналган жумушчу жолугушуу өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаменти уюштурду. Жолугушуунун максаты - кызматташтыкты жана координацияны чыңдоо, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган практикалык кадамдарды иштеп чыгуу.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, директордун орун басары Лариса Губина, ошондой эле 25тен ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында КОС жана КОГ коомдук бирикмеси, «Услышь меня» коомдук фонду, «Вместе к здоровью» коомдук фонду, «Жаныртуу» коомдук кайрымдуулук фонду, Угуу жана сүйлөө өнүктүрүү борбору, «Арди» коомдук бирикмеси, Майыптыгы бар аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы жана башка уюмдар бар.
КОС жана КОГ коомдук бирикмесинин социалдык бөлүмүнүн башчысы Эрмек Жусупов майыптыгы бар адамдардын тизмесин санариптештирүү долбоорун тааныштырды. Бул долбоор социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө багытталган. Катышуучулар долбоорду талкуулап, сунуштарын билдиришип, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө ачык диалог уюштурулуп, пикир алмашуу жана эркин баарлашуу болду. Натыйжада катышуучулар мамлекеттик органдар менен өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун, майыптыгы бар адамдар боюнча маалыматтарды актуалдаштыруунун жана аларды колдоонун практикалык механизмдерин биргелешип иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти.