www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарындагы 6 кВ“Сары-Бээ” аба чубалгысы тоолорду аралап өтүп калгандыктан аба ырайы кескин өзгөргөндө электр жарыгы үзгүлтүккө учураган учурлар катталчуу. Мындан улам калкка күз-кыш мезгилдеринде үзгүлтүксүз электр жарыгын берүү максатында аталган 6кВ “Сары-Бээ” аба чубалгысын тегиз жерге куруу иштерин башташты. 35/6 кВ “Сары-Бээ” көмөк чордонунан чыккан 6 кВ “Фабрика” фидерин бөлүп 110/35/6 кВ “Юг” көмөк чордонунан жогорку чыңалуудагы 6 кВ бош турган “Изолит” фидерине туташтыруу үчүн узундугу 1 чакырым 6 кВ аба чубалгысын куруу жана 20 даана жаңы темир-бетон электр мамычаларды орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин 15 даана трансформаторду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү, 21 чакырым 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына оңдоо жумуштары жүргүзүлдү.

Намазбеков көчөсүнө кошумча кубаттуулугу 160 кВАлык көмөкчу чордон орнотулду. Ал эми Правонабережная көчөсүнө 1 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы курулуп, 25 даана жаңы электр мамычалар орнотулду.

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаарында жалпы 7650 абонент бар болсо анын ичинен 4900 абонент гана жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости