www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министрлиги Оштогу Сулайман-Тоого асма жол куруу сунушун колдобойт. Бул тууралуу «АКИpress» басылмасына маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Министрдин айтымында, асма жол куруу идеясы Ош шаарынын мэринин жеке сунушу. Бирок мындай чечим кабыл алууда Кыргызстандын мыйзамдары жана маданий мурастарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелер эске алынышы керек.

«Бул ыйык тоо, ошондуктан биз аны сактап калышыбыз керек», — деди Мамбеталиев.

Асма жол куруу мүмкүнчүлүгү боюнча суроого министр: «Ал жерге асма жол курууга таптакыр болбойт», — деп жооп берген.

Ошол эле учурда Сулайман-Тоодо реконструкция жана реставрация иштерин жүргүзүү пландалууда. Министрдин маалыматына караганда, бул маселе жыл башынан бери талкууланып, учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча тендердик сунуштар кабыл алынууда.

Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоо жана реставрациялоо иштерине болжол менен 12 млн сом бөлгөн. Долбоордун алкагында объект жаңыланып, айрым элементтер тиешелүү долбоорго ылайык алмаштырылат.

Мындан тышкары, Сулайман-Тоонун буфердик зонасынын чек араларын кайра карап чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстан анын аянтын кыскартуу маселеси боюнча ЮНЕСКОго расмий өтүнүч жөнөткөн. Эл аралык эксперттер жеринде баалоо жүргүзүп, корутунду даярдап, аны ЮНЕСКОго жөнөткөн.

Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине маданий мурас объекти катары киргизилген. Тоонун өзүнүн аянты 112 гектарды, ал эми буфердик зонасы 4 788 гектарды түзөт.

Последние новости