www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитидеги Кенскофф шаарында куралдуу топтун кол салуусунан кеминде 42 адам каза болду. Окуя 24-августка караган түнү болгон. Бул тууралуу ТАСС жергиликтүү Tele Galaxie радиостанциясына шилтеме берип билдирди.

«Учурда 42 адам каза болгону маалымдалууда, бирок курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн», — деп айтылат радиостанциянын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Буга чейин ЖМКлар 24-августка караган түнү Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин четиндеги Кенскофф шаарынын тургундарына куралдуу топ кол салганын жазышкан. Шаар бийлигине шилтеме жасалган маалыматта кеминде 30 адам каза болуп, бир нече киши жаракат алганы айтылган.

Гаитиде коопсуздук жаатында курч кризис уланууда. Куралдуу топтор Порт-о-Пренстин басымдуу бөлүгүн жана ага жакын аймактардын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. БУУнун маалыматына ылайык, акыркы айларда Порт-о-Пренсте 600дөн ашуун адам каза болгон.

Последние новости