www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушуп, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Министрликтин маалыматына караганда, жолугушууда ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, түрк элдеринин жалпы маданий жана тарыхый мурасын сактоо, жайылтуу жана эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча биргелешкен долбоорлор сөз болду.
Ошондой эле тараптар алдыдагы маданий форумдарды, фестивалдарды жана конгресстерди өткөрүү, тарыхый-маданий мурастарды санариптештирүү, бирдиктүү музейдик жана китепканалык платформаларды түзүү, илимий жана маданий мекемелердин кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин карашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырастап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды макулдашышты.