www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын прокуратура, ички иштер жана пробация органдарынын кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча тренинг уюштурду.
Маалыматка ылайык, окуу иш-чарасынын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулук учурларына ыкчам чара көрүүдө мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу, жабырлануучуларды коргоо механизмдери жана аларга комплекстүү жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле укук колдонуу практикасындагы актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашышты.
Башкы прокуратура мындай тренингдер мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жабырлануучулардын укуктарын өз убагында коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.