www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилерин, алардын ичинде министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортун жеке максатына колдонот деп күнөөлөдү. Буга байланыштуу, мекеме министрдин орун басары Лунара Мамытованын чет элдик сапарлары тууралуу түшүнүк берди.

Лунара Мамытова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматына 2016-жылдын 15-ноябрында дайындалган. 2017-жылдын 18-29-сентябрында Турин шаарына (Италия) сапарга чыгып, Эл аралык эмгек уюмунун Академиясынын 7-сессиясына катышып келген. 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин АКШда “Социалдык коргоо түйүндөрү менен” аттуу негизги курска катышкан. Ал жогорудагы иш-чараларга катышуу үчүн Министрликке министрдин орун басары Лунара Мамытованын наамына расмий чакыруу келгенин жана бардык чыгымдарды чакырган тарап төлөгөнүн белгилейт. Бул курстар англис тилинде өткөрүлгөн.

Депутат Аида Касымалиеванын ал дипломатиялык паспорту менен Хайнань аралына учкан деп айтканы чындыкка дал келбейт, Лунара Мамытова ал сапарга дипломатиялык паспортун колдонбогонун билдирет. Андан да, Лунара Мамытова аталган сапарга эмгек өргүүсү учурунда жана жеке каражатына чыккан.

Лунара Мамытова чет элдик сапарлары тууралуу жетекчиликке алдын-ала билдирилип келгенин жана сапарларга даярдануу боюнча бардык процедуралар сакталганын кошумчалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости