www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эки облусунда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 05:21де жана 05:26да Кыргызстандын аймагында эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 (Кайырма-Арык айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кереге-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 25 чакырым түштүктө) чейин сезилген.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга (Канжыга айылынан 14 чакырым чыгышта, Тараалча айылынан 14 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.