www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткичтер алып келинди

Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди ташып келүү иштери башталды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат.

Анын ичинде:

азоттук жер семирткичтер — 96,2 миң тонна (2026-жылдын жазгы талаа иштерине керектелүүчү көлөм);

фосфордук — 71,5 миң тонна;

калийдик — 15,2 миң тонна.

2025-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинип, бүгүнкү күндө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү менен алектенген жеке компаниялардын сатуу кампаларында жалпы 19,2 миң тонна минералдык жер семирткичтер сатууда бар.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 22.12.2025-ж. № 124 буйругунун негизинде, республика аймагына кирип жаткан минералдык жер семирткичтер (авто жана темир жол) Департаменттин чек ара фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Последние новости