www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө окуучулар жалпы тестирлөөдөн өтүшүүдө

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө башталды. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын билим деңгээлин аныктоого багытталган тест 23-майга чейин уланат.

Ар бир катышуучу үч күндүк сынактан өтүшү керек болот.
Биринчи этапка катталгандардын күндөрү - 17, 18 жана 19-май, ал эми экинчи этап 21, 22 жана 23-май күндөрү өтөт.

Биринчи күнү математика, текстти окуу жана түшүнүү, практикалык грамматика. Экинчи күнү мамлекеттик (кыргыз) тили боюнча тест (баарына милдеттүү) + тилдер боюнча предметтик тесттер (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты). Ал эми үчүнчү күнү болсо предметтик тесттер (химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили).

Жогорку окуу жайлар абитуриент кабыл алууда ЖРТда топтогон баллына карашат. Эң мыктыларына жеңилдиктер берилет.

Негизги тесттен (биринчи күнкү сынак) кеминде 110 балл, ал эми предметтиктен (экинчи жана үчүнчү күнү тапшырган тесттер) ар бир профилдик предмет боюнча кеминде 60 балл болушу шарт.

Последние новости