www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнүн жана базарлардын жетекчилеринин катышуусунда онлайн форматта кеңешме болуп өттү.
Министрликтен билдиришкендей, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй эти менен кой этинин баасын турукташтыруу маселелери каралды.
Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында уй эти менен кой этине (сулп эттен тышкары) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылгандыгы белгиленди.
«Жергиликтүү мамлекеттик органдарга калкка этти фермерлерден түздөн-түз жеткирүүнү үзгүлтүксүз уюштуруу тапшырылды», - деп айтылган билдирүүдө.