www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын бардык райондорунда жана айылдарында үч жашка чейинки балдар үчүн каралган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулуна байланыштуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, жөлөкпулду дайындоо тартиби, аны алуу шарттары жана талап кылынуучу документтер боюнча кеңештерди берип жатышат.
Министрликтин маалыматына ылайык, «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунан тартып башталат. Арыздар министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө бекитилген кабыл алуу графигине ылайык кабыл алынат.
Жарандарга так маалымат алып, жөлөкпулду өз убагында тариздөө үчүн жашаган жери боюнча министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу сунушталды.
Ал жактан адистер консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт.