www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен И.М. аттуу жаран кайрылып, анда белгисиз адам өзүн «Р» аттуу жаран катары тааныштырып, ишениме кирип, 2025-жылдын 13-августунда «Lalafo» мобилдик тиркемеси аркылуу анын жашаган дарегине келип, убактылуу пайдаланууга (ижарага) 2 күн мөөнөткө 30 000 сомдук «Canon» үлгүсүндөгү фотоаппаратты алып кеткенин, бирок өз милдеттенмесин аткарбай, аталган мүлктү кайтарып бербей изин жашырып кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1994-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза прцессуалдык одексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда анын дагы эки ушундай эле кылмыш ишине катыштыгы бар экени аныкталган.
Урматтуу жарандар! Эгерде сиздер да бул жаран тарабынан кылмыштуу аракеттерден жабыркаган болсоңуздар, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранабыз: 0 550 111 195 же 102.
Тергөөнүн жүрүшү уланууда.