www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16–21-февраль күндөрү өткөрүлүп жаткан “Арсенал”профилактикалык операциясынын жүрүшүндө Лейлек районунда мыйзамсыз ок атуучу курал көтөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек РИИБдин Катран милициясынын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Лейлек айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Чат жайлоосунда 34 жаштагы А.А. аттуу жаран эч кандай тиешелүү документтери жок 12-калибрлүү 1 дүрмөттүү сайсыз ок атуучу куралын мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын текшерүү учурунда курал сактоо эрежелерин бузган 2 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Ошондой эле түшүндүрүү иштеринин алкагында Лейлек районунун Кара-Суу айылынын 34 жаштагы С.К. аттуу тургуну чоң атасынан калган 16-калибрлүү 2 дүрмөттүү сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырган. Куралды ыктыярдуу түрдө өткөрүп бергендигине байланыштуу ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок.
Лейлек РИИБи район тургундарына кайрылат.
Совет мезгилинде чабандарга жана колхоз жумушчуларына мал-жанды коргоо максатында документсиз сайсыз жана сайлуу ок атуучу куралдар таратылган учурлар болгон. Эгерде сиздерде мыйзамдуу документи жок ок атуучу куралдар бар болсо, аларды өз ыктыярыңыздар менен Лейлек РИИБине тапшырууну өтүнөбүз.