www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Филиппиндин борбору Манилада, АСЕАН иш-чарасынын алкагында жолугушту.

Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жолугушуунун сүрөттөрү менен видеолорун Telegram каналына жарыялады.

Лавров жолугушууда Рубионун Анкоридждеги саммиттен кийинки билдирүүлөрү жана АКШнын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча позициясы талкууланарын билдирген.
Рубио да жолугушууну ырастап, Вашингтон үчүн диалогдон баш тартуу «акылсыз жана жоопкерчиликсиз кадам» болорун айтты.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүү болжол менен 30 мүнөткө созулду.
Буга чейин Рубио Аляскадагы Анкоридж саммитинде ар кандай сунуштар каралганын, бирок эч кандай келишимге жетишилбегенин билдирген. Анын айтымында, эгер анда макулдашуу болгон болсо, Украинадагы согуштук аракеттер буга чейин эле токтомок.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Дональд Трамп менен өткөн саммитте акыркы чечимдер кабыл алынбаганын, Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча мүмкүн болгон жолдор гана талкууланганын белгилеген.

Последние новости