www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган жыйын «ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай» ураанынын алдында өтүп, Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагындагы негизги жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бири болот.
Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана Уюмдун туруктуу органдарынын өкүлдөрү катышат.
Күн тартибинде эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер, ШКУ алкагындагы көп тармактуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.
Ошондой эле аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Министрлер бир катар документтердин долбоорлорун макулдашып, Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитине даярдык көрүү маселелерин да карашат.
Белгилей кетсек, 2025–2026-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамын алган Чолпон-Ата шаарында жыйынды өткөрүү Уюмга мүчө мамлекеттердин биримдигин, өз ара ишенимин жана көп тармактуу кызматташтыгын чыңдоонун маанисин баса белгилейт.