www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио телефон аркылуу сүйлөштү.
Талкууда Украинанын тегерегинде уланып жаткан кризиске басым жасалды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 1-июнда Брянск жана Курск облустарындагы темир жол инфраструктурасынын жарылуусунан карапайым калктын курмандыктарына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.
Орус тарап тиешелүү органдар тыкыр иликтөө жүргүзүп жатканын жана анын жыйынтыгы жакынкы аралыкта жарыяланарын, күнөөлүүлөр аныкталып, сөзсүз жазаланаарын баса белгиледи.
Сергей Лавров менен Марко Рубио ошондой эле Украина кризисин саясий жактан жөнгө салууга байланыштуу түрдүү демилгелер, анын ичинде Стамбулда түз орус-украин сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо пландары боюнча пикир алышты.