www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен АКШнын алакасы согушка айланабы?

Кытай АКШнын Гонконгго байланыштуу жаңы санкцияларын КЭРдин ички иштерине кийлигишүү деп эсептейт, буга каршы жана зарыл болгон чараларды көрөт, деп билдирди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон КЭРдин жана Гонконгдун дагы 24 жооптуу кызматкери менен операция жүргүзгөн каржы бөлүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизерин жарыялаган, алардын иш-аракеттери административдик аймактын «автономиясынын төмөндөшүнө» алып келген, деп билдирет АКШнын Мамлекеттик департаменти.

«Бул эл аралык укукту жана эл аралык мамилелердин негизги ченемдерин одоно бузуу, КЭРдин ички иштерине одоно кийлигишүү... Кытай буга кескин каршы», - деди дипломат.

Ал кошумчалагандай, Пекин зарыл болгон өч алуу чараларын көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости