www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда өткөн математика, физика жана информатика мугалимдери арасында VII эл аралык сынакта кыргызстандык мугалимдер командасы биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери - Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты.
Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту.
Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ассоциациясы” тарабынан 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Максаты – кадрларды даярдоо, мугалимдердин чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Булак: NazarNews.kg