www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламматтык сактоо министрлигинин өкүлү 16-мартка карата Кыргыз Республикасында коронавирустун чыккан учуру катталбаганын, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 143 өлкөсүндө коронавирустун чыккан учуру аныкталды. Дүйнө жүзү боюнча 153 миңден ашык адамга вирус жуккан. 

Жыйында профилактика максатында түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар жана соода-көңүл ачуучу борборлордогу балдар үчүн оюн аянтчалары жабылары айтылды.  

Менчик түрүнө крабастан, соода, кызмат көрсөтүү коомдук тамактануу чөйрөлөрүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн физикалык жана юридикалык жактар убактылуу чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн, ага катышуудан кармануу, ошондой эле кызматкерлерди, келгендерди дезинфициялоочу каражаттар менен камсыз кылуу менен санитайзерлерди, имараттагы, залдардагы абаны тазалоочу жабдыктарды орнотуу сунушу берилди.

Ички иштер министрлигинин өкүлү социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан 15 киши кармалганын билдирди. Бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине калк арасында профилактикалык чаралар, мамлекеттик органдардын иштери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасы берилди. 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ар бир жаран кырдаалдын олуттуулугун түшүнүп, медицина кызматкерлеринин сунуштарын эске алып, профилактикалык чараларды кармануусу шарт, өздүк гигиенаны сактап, ал тууралуу балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгиледи. 

Ал алдыдагы үч жума өтө маанилүү апталардан экенин айтты. Анын айтымында, байланышты максималдуу түрдө чектөө керек, кафелерге жана оюн-зоок жайларына барбай, эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөй жана катышпай туруу керек. Үйдө көп болуу, сасык тумоо, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча сунуштарды эске алуу керек. 

Жыйындын соңунда бардык тармактык органдарга, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук тамактануучу жайларды, мечиттерди, коомдук транспортту дезинфекциялоо боюнча иштерди улантуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле коомдук колдонуудагы жерлерди, базарларды дезинфекциялоо иштерин уюштурууну камсыздоо тапшырылды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости