www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“2011-жылы Атамбаев президент болоору менен (а балким ага чейин деле) аны Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнө каршы коюу аракети боло баштаган. Анын кулагына: "Биз сизди сыйлайбыз, сиздин лидерлигиңизди тааныйбыз, бирок Отунбаеваны, Текебаевди, Сариевди, Бекназаровду, Каптагаевди, Дүйшөбаевди, Исаковду жана башкаларды сыйлабайбыз, сиз алардан алыс болсоңуз, алардан кутулсаңыз гана жалпы элдик колдоого ээ болосуз, алардын сизге эч кандай пайдасы жок, зыяны эле тиет... " - деген сөздөрдү куюп жатышты...

Атамбаев өзү дагы ушул жакка ооду... Балким анын ички ою да ушундай болсо керек...Тигилер менен бир жерден чыгып дегендей... Неси болсо дагы бул багыттагы иштерди негизинен Фарид Ниязов жетектеди... Ошентип Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосун ажыратуу, бизди куугунтукка алуу иши башталган... Ар бирибизди микроскоп менен изилдеп, камап салуу аракети абдан катуу болду... Текебаев менен Чотоновду камашты, калганыбызга шылтоо таппай калышты...

Бирок ушул айтылган ойду Атамбаевге айтып жаткандардын дагы, аны жан үрөп ишке ашырып жаткандардын дагы Атамбаевдин зоболосун көкөлөтүп көтөрөлү деген ниеттери жок болчу... Бул факт. Алардын түпкү ою, ички ниети - Атамбаевдин колу менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн талкалап жок кылуу... Анан аягы барып Атамбаевдин өзүн дагы биздин артыбыздан жардан алыс түртүп салуу эле... Мына ушул чындыкты учурунда мен Фарид Ниязовго түшүндүрө албай койдум...

Бул айтылган сөздөрдүн чындыгын мезгил өзү далилдеди... Анткени учурунда Атамбаевге жылып кирип, жылжытып кулагына куюп жүргөндөр кийин беткаптарын алып ыргытышты, акыйкаттык үчүн күрөшчүл болуп чыга келишти...Атамбаев жөнүндө нелерди гана айтып да, жазып да жатышат учурда...

Алардын аракети азыр деле токтогон жок, эми болсо ошол эле сөздөрдү президент Сооронбай Жээнбековго, анын жакындарына айтып жүрүшөт... Максаттары ошол эле, эптеп Жээнбековду алсыратуу, анын тегерегинде күчтүү саясий колдоонун жаралышына жол бербөө... акыры барып ыгы келсе аласалдырып салуу... Былтыр президент Жээнбеков менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жөнөкөй эле жолугушуусу канча ызы-чуу жаратты... себеп ошол эле, жандары чыгып кете жаздады да биригип кетишет деп... Роза Отунбаевага каршы уюштурулуп жаткан кара чабуулдун максаты деле ошол... бул жөнүндө үч-төрт күн мурда жаздым эле бул жерде...

Мына ушул эле технология Апрель-шейиттеринин жакындарына, жаракат алып жапа чеккендерге, Апрель революциясына тиешеси барларга карата да колдонулуп келген, азыр дагы колдонулуп жатат... Муну дагы ачык эле айтуу керек. Аларды Убактылуу Өкмөттун мүчөлөрү менен карама-каршы коюу, ортодо ажырым жаратуу... ошону менен Апрель Элдик революциясын саясий жактан коргоону алсыратууну, коргой ала турган саясатчыларды эл көзүнө дискредитациялоону максат кылып коюшкан алар... Негизги максат - Апрель Элдик революциясын жокко чыгаруу, аны куралдуу төңкөрүш катары, талончулук, каракчылык катары эле көрсөтүү... Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева коомдук жана саясий аренада турганда алардын бул максаты ишке ашпайт, муну абдан жакшы түшүнүшөт алар...

Бүгүнкү күндөгү көшөгө артындагы саясий кыймылдардын багыты дагы, маани-мазмууну дагы ушундай...”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости