www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери кыргыздын улуттук каада-салттарын даңазалоо деген жоголуп, улуттук идеология деген унутта калып бара жатат.
Дегеле алакандай өлкөдө канчалаган радиотелекомпаниялар болгону менен программада 90% эки саясатчыны олтургузуп сүйлөтүп, алар кыргыз элинин мээсин чаккандан башка эч нерсе кыла алышкан жок.
Саясатчылары бизнестен мамлекеттик кызматка секирсе, айрым ырчылары каралар менен карым-катнаш кылып, бири-бирин “заказ” кылып сабатып, маданият тармагынын бетине түкүрдү.
Калпакты итке кийгизип чыкса дагы бир дагы бийликтегилер үн катпады. Эркектери элирип ак дасторконду тебелеп боорсок талашканга өттү. “Акылы” жок кыргыздын айрым алсыз аялдары казандын ичине олтуруп сүрөткө түштү. Мына кыргыздардын келечек муунга үйрөткөн акылсыз кадамдары. Так ушул “маңкруттук” көрүнүштөрдү ким тыят? Же Адахан Мадумаров айткандай кыргызды камчы менен башкарыш керекпи?
Мындай көрүнүштөрдү тийиштүү мекемелер тыябы же таякты эгип алып тал болот деп күтүп туралыбы?
Булак: NazarNews.kg