www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция бул коомдук тартиптин сакчысы гана эмес. Анткени милицияда кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккандар, же ден соолугуна, ар кыл шарттарга байланыштуу ички иштер органдарынан мөөнөтүнөн эрте бошоп кеткендер, тагыраагы мурда-кийин форма кийип, милицияда иштегендер жай турмуштагы коомубузда алгылыктуу иштерди жасап келе жаткандардын алдыӊкы катарларында. Эгемендик тарыхыбызда аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин алдыӊкы эшелонунда эмгектенген милициянын өкүлдөрү аз эмес. Ошол эле маалда өлкөнүн келечеги үчүн жигердүү кадам коюп келе жаткан ишкерлер, саясый чөйрөнүн өкүлдөрү, илимпоздор, спортчулар, атургай маданият өкүлдөрү болгондор да арбын. Бүгүнкү маектешим Кылыч мырза да милициянын “шинелинен” чыккан. Эмесе, жеке ишкер, “Бирик” партиясынын лидери  Кылыч Исамамбетов менен болгон маегибизге ортоктош болуӊуз, окурман.

--Кылыч мырза, сиз бир учурларда ИИМдин катарында кызмат өтөгөнсүз. Кайсы түзүмдө, канча убакыт кызмат өтөгөнсүз, кандайча ИИМдин катарына келгенсиз жана эмне себептерден улам аталган тармактан кеттиӊиз эле?

--Ооба, ошол убакыт 2001-жылдарга барып такалат. Улуттук гвардияда келишимдик негизде кызмат өтөп жатып ИИМдин алдындагы СОБР атайын бөлүгүнө которулдум. Баардык эле жигитмин дегендер үчүн атайын бөлүктө кызмат өтөө кыял болушу керек. СОБРда иштеген ар бир “боец” үчүн биринчи жумушка кирген күн эсинде калат. Мына деп босогосун аттаганда эле спарринге чыгып мушташуу өнөрүӊдү көрсөтүү менен аягы токмок жеп эртеси жумушка чыксаӊ иштеп кетесиӊ. Эгер тайсалдап же ооруксунуудан жалакайланып, жумушка чыга албасаӊ анда иштебейсиӊ. Баардык нерсе эркке байланыштуу. 2000-2001-жылдар өлкөбүздө абдан оор жылдар эле. Баткен окуясы жаӊы аяктап, тоолуу шартта согушуу  тактикалары тынымсыз өтүлүп жаткан убакытка туш болдум. 3 жылдай иштедим.  Толук кызмат кылууга мүмкүн болбоду. Себеби; жол кырсыгына учураганыма байланыштуу кызматтык ишти андан ары уланта албадым. Бирок бүгүнкү күнгө чейин чогуу иштеген балдар менен тыгыз катышып турабыз.

--Кызмат өтөп жүргөндөгү кылмышкерлер менен күрөшкөн же кызыктуу ошондой эле кооптуу кырдаалдарга кезиккен учурлар али да эсте болсо керек?

--Кызмат өтөп жүргөндөгү кылмышкерлер менен күрөшүүбү, машыгууларбы кыскасы ар бир күн атайын бөлүктүн кызматкери үчүн абдан оор мүнөздөлөт. Эч ким эч нерсе эскергиси келбейт. Ич ара гана өткөн күндөргө саресеп салышпаса, жаныӊдагы кызматташыӊдын мамлекеттик тапшырмаларды аткарууда окко учканын эскерүү чынында абдан оор. Өлкөнүн тынчтыгы үчүн ички кылмышкерлер менен күрөшүү СОБР кызматкери үчүн өтө жоопкерчиликти, тажрыйбаны, тартипти жана тактыкты талап кылат.

--Эгемендиктен бери карай эле милициянын материалдык абалын оӊдош керек деген ураан айтылып келет. Ара-чолодо алгылыктуу иштер да жасалбай койбоду. Бул тармакты жон териӊиз менен сезген адам катары айтсаӊыз, бүгүнкү күндө милицияга карата көрүлүп жаткан камкордук аракеттери жетиштүү дегенге болобу?

--Өкмөт, ошондой эле ИИМ жетекчилиги милиция кызматкерлери үчүн материалдык-техникалык база жана турак жай менен камсыздоо жагында алгылыктуу иштерди жасоого жигердүү аракет кылышууда. Бирок бул азыр баардыгы жетиштүү болуп кетти дегенге жатпайт.  ИИМдин кызматкерлери үчүн  евро ремонттолгон машыгуу жайларын куруудан мурда турак жай менен камсыздоо, материалдык абалын чыӊдоо, үй-бүлөсүн камкордукка алуу зарыл. Анткени, милиция кызматкери талаа-түздө мамлекеттин оор тапшырмаларын аткаруу менен үйүнө аман эсен кайтканда көртирлик көйгөйү менен баш оорутпастан,  үй-бүлөлүк мээримге бөлөнүп, эс алуусу керек. Мындайды ар бир кызматкер кыялданат. Эгер үй-бүлөлүк абалы жүрөгүн өйүп турса, анда ал кызматкер да ишине толук кандуу бериле албай, чайналат. Натыйжада аткарып жаткан иштен жакшы жыйынтык чыгышы кыйынчылыкты жаратат.  

--Коомдун өкүлү, жаран катары айтсаӊыз, милициянын бүгүнкү аткарып жаткан ишин кандай баалайсыз?

--Мамлекеттин ички коомдук тартибин көзөмөлдөөдө милициянын орду чоӊ жана алмашкыс. Биздин милиция кандай гана кырдаал болбосун өз милдеттерин так жана татыктуу аткарып келе жатат. Кылмыштуулук менен гана күрөшпөстөн бүгүнкү күндөрү өлкөнү каптаган илдет менен күрөшүүдө өлкө аймагы боюнча баардык жашоочулар үйдөн чыкпай сактанышса милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте алдыӊкы катарда болуп, күнү-түнү өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, көзөмөл иштерин аткарышууда. Биз милициянын ишин андай же мындай деп талкуулабастан колдоо көрсөтүп, жок дегенде ыраазычылык гана айтышыбыз керек.

--“Милиция эбак жок болгон СССРдин эски “шинелинде” жашап келет. Анын аталышынан баштап, кийген формасына дейре, аткарган функциясынан баштап өзгөртүү керек”-деген пикирлер айтылып жүрөт. Сиз кандай ойдосуз?

--Жакшы сөз бар, “СССРди эстебеген кишинин жүрөгү жок, СССР кайра болсун деген кишинин мээси жок”-деген. Эсеби маселен, башка өлкөлөрдүн мисалында алып карай турган болсок милициянын аты менен кийимин өзгөртүүдөн эч нерсе өзгөрбөшүн убакыт деле көрсөттү. Бирок, канткен менен алдыӊкы келечекте ушул негизги нуктан чыкпай туруп, бүгүнкү заман талабына ылайык, ошол эле убакытта улуттук милицияны түптөө зарылчылыгы турат. Реформа десе баардык нерсе жоголуп же жоюлуп  кетчүдөй ойлошот. Тескеринче эмне муктаждык, эмне зарылчылык болсо ошого ылайыктап өзгөрүү керек да. Колдонуп жаткан компьютериӊе жаӊы программа жүктөбөй койсоӊ иштейби? Жок, иштебейт да туурабы? Анын сыӊары азыркы тапта деле ИИМ системасында кайсы бир бөлүктөрдү жоюп, кайра башкасын түзүп жаткандарынан саясат издештин кереги жок. Бул деген заман талабына ылайык жаӊыланууга жасалып жаткан аракеттер. Ошол эле Жол кайгуул кызматын алалы, Мобилдик батальон, Атайын багыттагы полк, Эсктремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү өӊдүү кызматтардын түзүлүп, куралып жатышынын өзү реформа. Ушунун өзү өзгөрүүгө аракет.

--Коомдо кылмыштуулуктун азайышы же болбошу үчүн эмне керек деп ойлойсуз? Милициянын ыйгарым укуктарын күчтөөбү, материалдык техникалык базасын чыӊдообу, тиешелүү мыйзамдарды катаалдандырып, аларды кынтыксыз аткарууну мамлекеттик деӊгээлде колго алуубу же коомдук аӊ-сезимдин өзгөрүүсүбү?

--Кылмыштуулуктун азайышы же таптакыр болбошу тууралуу айтсак, бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамдар, укуктук базалар коркутууга да коргонууга да жетиштүү. Болгону кылмыштуулук кыскарыш үчүн алдын алуу иш-чараларын күчтөө зарыл. Коомчулукка негизинен катуу тартипке караганда жумшак түшүндүрүүдө көп маселе чечилери белгилүү. Карателдик отряд менен коомду тарбиялоо мүмкүн эмес сыӊары мыйзамдарды том-том кылып чыгара берүү менен кылмыштуулук азайбайт. Ошол эле маалда кылмыштуулуктун күчөөсү же азаюусуна милиция милдеткер же күнөөлүү эмес. Кылмыштуулуктун азаюусу түпкүлүгүндө коомдук аӊ-сезимдин өнүгүүсүнө жана адамдардын социалдык абалына жараша болот. Биздин өлкөдө негизинен кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгү алдым-жуттумчулук же жетишпеген турмуштун айынан келип чыгат.

--Дегеле Кыргызстанда адам укугу, эркиндиги кандай жолдо деп айта аласыз?

--Адам укугу, эркиндиги боюнча баардык талаптар аткарылууда деп ойлойм. Элибиз негизинен эркиндикти сүйгөн эл болгондуктан ар бир мыйзамга толук түрдө тереӊдеп кирбейт. Бирок, өз каада-салт, үрп-адаттары, уят, намыс деген сапаттары менен бирин-бири камкордукка алып жашашат.

--Ийгиликтүү ишкер, саясый лидер катары таанылып келесиз, коомго эмне бере алдым деп ойлойсуз?

--Биринчиден, кыргыздын жаран катары мекенге болгон сүйүүбүз, мээримибиз чексиз. Экинчиден, жеке ишкердик кылууда өлкө казынасына миллиондогон салык төгүү менен өлкө жарандарын иш менен камсыздоого да салым коштук десем болот. Ишкердиктеби, саясаттабы өлкөбүздүн өнүгүшү жана коопсуздугу үчүн болгон аракетибизди жумшай беребиз.

Ошол эле маалда түздөн түз милицияга тиешелүү жеке аракеттеримди да жасап келем. 2011-жылдан баштап Акталаа районундагы Турук көмүр кенинде көмүр казуу менен иш алпарып калдым. Ошол жылдардан тартып коопсуздук иштерин жергиликтүү милиция аркылуу көзөмөлгө алууну сунуштап, ушул күнгө чейин милиция кызматкерлери коопсуздукту жана  жергиликтүү эл менен байланыш тартибин карап берип жатышат. 2011-жылдан тарта өзүм да милиция тармагында иштеп кеткендиктен райондогу ардагерлерге, милиция кызматкерлерине кышкысын бекер көмүр берүү жагын колго алып келем. Милициянын Актал-чат көзөмөл постун уюштуруп, имаратын тургузуусуна акча каражатын берип, колдоого алдым. Бүгүнкү күндө да ар кандай иш-чараларда көмөктөшкөндүн үстүндөмүн. Ал эми Бишкек шаарында СОБР кызматында иштеп кеткендер, ардагерлер жана азыркы иштеп жаткан “боецтердин” биригүүсү менен “Краповый берет” атуу коомдук уюм түзгөнбүз. Жетекчиси милициянын майору Нурканбек Айдаркулов. Бул уюм коомдогу болгон терс көрүнүштөргө милиция менен бирге каршы туруу жана өлкө коопсуздугуна коркунуч келген чакта жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө коомдо 600дөн ашык чыныгы даярдыктан өткөн эл уулдары иш алпарышууда. Бул коомго да колдон келген жардамыбызды аябай берип келебиз.

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости