www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мал уурдоого шектүүлөр камералардын жардамы менен Алай районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 1964-жылы туулган тургуну А.А. аттуу аял 2026-жылдын 12-май күнү саат 16:00 чамасында милициянын арыз менен кайрылып, ошол эле күнү белгисиз адамдар ага таандык болгон 2 баш ири мүйүздүү малды талаадан уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча маалыматтардын электрондук журналына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 260 миң сомду түзгөн.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында орнотулган видеокамералардын жардамы менен мал уурдоого шектелген жарандар 2008-жылы туулган О.А. жана 2009-жылы туулган И.Э. Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости