www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Джапаркулов Сыргакбек Таалайбекович Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчи 2026-жылдын 18-майынан тартып эмгек келишиминин негизинде 3 айлык сыноо мөөнөтү менен кызматка киришти.
Сыргакбек Джапаркулов 1995-жылдын 17-июлунда туулган. Ал «Ала-Тоо» Эл аралык университетин “Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк саясат” адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле IT-долбоорлорду башкаруу багытында кошумча билим алган.
Эмгек жолунда маданият, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана жаштар саясаты тармактарында ар кандай кызматтарды аркалап келген. Акыркы жылдары К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз-Америка маалыматтык-ресурстук борборунун Maker Space жана American Spaces компьютердик борбор бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Ал эл аралык билим берүү жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу, санариптик маданиятты өнүктүрүү, жаштар менен иштөө жана инклюзивдүү билим берүү программаларын уюштуруу боюнча тажрыйбага ээ. Ошондой эле долбоордук башкаруу, медиа жана коммуникация, англис тилин окутуу, аналитикалык жана изилдөө иштеринде иш алып барган.