www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-августта Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө эркек адам аял кишини буту менен тээп, ур-токмокко алып жаткандыгы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган окуя боюнча материал Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аял кишиге зомбулук көрсөткөн жаран Ош облусунун Ноокат районунун 1995-жылы туулган тургуну М.Ж. экендиги аныкталды.
Ошондой эле видеодогу окуяга катышкан аял киши анын жубайы, 2001-жылы туулган З.Д. экендиги жана алардын үч баласы бар экени такталды.
Текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн жогорудагы эки жаран тергөө кызматына жеткирилип, окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүү учурунда аял киши окуя боюнча арыз жазуудан баш тарткан. Учурда аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.