www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кадрдык өзгөрүү болду.

Азамат Абдибакы уулу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги Нурсултан Сатыбалдиев тааныштырды.

Ал Азамат Абдибакы уулуна жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Азамат Абдибакы уулу буга чейин аталган башкармалыктын Кызыл-Кыя шаарындагы шаар куруу корутундуларын жана макулдашууларды берүү бөлүмүндө башкы адис болуп иштеп келген.

Последние новости