www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина келген

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алып келингенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ал вакцина өлкө аймагындагы 1 750 медициналык мекемеге таратып берилип, учурда 2 миң дарыгер эмдөө иштерин жүргүзүүдө.

Министрдин маалыматында, 16 миң баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан. Алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүгүнөн улам келишкенин айтты: “Кызамык жугузуп алгандардын 98% эмделбегендер. Мындан улам Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши менен биргеликте иш алып барып, алар кызамыкка каршы эмделүү шариятка каршы келбей турганы боюнча фатва даярдашты”, - деди министр.

Бейшеналиев кызамык оорусунан Кыргызстанда алты бала чарчап калганын кошумчалады.

Оорунун тарашы боюнча Казакстан биринчи орунда турат. Декабрдын башында коңшу өлкөдө 13 миңден ашуун адамга кызамык жукканы аныкталган. Бул ар жүз миң адамдын 69у оорууга чалдыккан дегенди билдирет. Кыргызстан экинчи орунда. Өлкөдө буга чейин ооругандардын 85% эмделбегендер экени белгиленген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү кызамыкка каршы чараларды күчөтүүгө чакырып келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости