www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн.
Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган.
Ошондой эле декларацияланган товарлардын салмагында олуттуу айырма аныкталган.
Алдын ала баалоолор боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 1 млн сомдон ашкан.
Бул факт боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү. Ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толукталды.