www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы Иле-Казак автономиялуу облусунун Кулжа шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 2003-жылы туулган жараны О.К. каза болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгына тиешеси бар автоунаанын айдоочусу Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Кытайдын компетенттүү органдары, медициналык мекеме жана маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Азыркы тапта Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Министрлик чет мамлекеттерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык репатриациялык чыгымдарды жабууга багытталган мамлекеттик бир жолку төлөмдү («Жүк-200») алууга укуктуу экенин эскертти.

Последние новости