www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын түштүк-батышындагы катуу суу ташкынына байланыштуу 80 миңден ашуун адам эвакуацияланды, деп билдирди «Синьхуа» агенттиги.
Массалык эвакуация Гуйчжоу провинциясынын эки уездинде башталды.
«Жунцзян уездинде 48 900 жашоочу, Цунцзян уездинде 32 000 адам убактылуу эвакуацияланды», деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, Дулиу дарыясындагы суунун деңгээли эскертүү деңгээлинен 6,68 метрге ашып кетти.
«Куткаруучу топтор, анын ичинде өрт өчүрүүчүлөр жана ыктыярчылар куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кайыктарды жана башка жабдууларды колдонушту», - деп айтылат билдирүүдө.