www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.
ИИМ билдиргендей, иш-чара миграциялык мыйзам бузууларды алдын алуу жана чет элдик жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.
Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдары, чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүү тартиби, ошондой эле укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Жолугушууда мыйзамдарды так сактоо, өлкөнүн салт жана маданиятын урматтоо, коомдук тартипти жана жол эрежелерин сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралган учурда компетенттүү мамлекеттик органдарга кайрылуу зарылдыгы айтылды.
⇳