www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыхывал Абдувалиева үй бүлөсү менен 2016-жылы кыргыз жарандыгын алышкан. Тажикстанда алар жашаган үй чек араны делимитациялоонун жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында калган.
Бирок үй кайненесине катталгандыктан жана үй-бүлө Кыргызстандын жарандыгын алгандыктан, тажик тараптан жаңы турак жай ала алган эмес.
Кийин Бишкекте батирде жашап жүргөн Абдувалиева Садыр Жапаровго кайрылган. Өлкө башчынын тапшырмасы менен облус жетекчиси Раззаков айылында бардык шарты бар жаңы үй тапшырды.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, Лейлек районунда ушундай жагдайга туш болгон дагы сегиз үй-бүлө бар. Аларды Тажикстандан Кыргызстанга өткөн үйлөрдү бөлүштүрүүнүн алкагында турак жай менен камсыздоо пландалууда.