www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай тогуз жыл катары менен түз чет элдик инвестициялардын көлөмү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарында калууда. Бул тууралуу NazarNewsка «CCTV-plus» билдирди.
Кытайдын Соода министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөнүн чет өлкөлөргө салган түз инвестицияларынын көлөмү 145,66 млрд АКШ долларына жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч Кытайдын дүйнөлүк экономикалар арасындагы позициясын бекемдеди.
Чет мамлекеттерде ишке ашырылган инженердик долбоорлор боюнча жаңы келишимдердин жалпы суммасы 289,22 млрд долларды түзүп, 8,2 пайызга көбөйгөн. Министрлик бул өсүш тышкы экономикалык кызматташтыктын масштабы кеңейип, натыйжалуулугу жогорулап жатканын көрсөтөрүн белгиледи.
Ошондой эле «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы тышкы жардамдын сапатын жана эффективдүүлүгүн арттырууда.
2026–2030-жылдарды камтыган 15-беш жылдык план алкагында Кытай бийлиги соода менен инвестициянын комплекстүү өнүгүшүн камсыздоого, трансчек аралык өндүрүш чынжырларын тең салмактуу жайгаштырууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурарын билдирди.