www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишине убактылуу чектөө киргизилүүдө. Бул Кытай тараптын демилгеси, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

Чектөө Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу. Ошондуктан 30-апрелден баштап:

«Эркечтам – автожол» өткөрмө пункту саат 22:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) тартып адам, транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүүнү токтотот;

«Торугарт – автожол» пункту саат 20:00дөн тартып жабылат.

Пункттар 2-майда саат 08:00дө ачылат.

«Бедел – автожол» пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болот. 6-майда саат 08:00дө (Бишкек убактысы боюнча) ишин улантат.

Последние новости