www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаевдин жетекчилиги алдында «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына арналган жумушчу жыйын өттү.

Жыйынга долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү облустук мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө темир жолдун курулуш иштеринин учурдагы абалы, жаралган маселелер жана аларды ыкчам чечүү жолдору талкууланды.

Ошондой эле коомдук жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүрүшүнө шарт түзүү, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Последние новости