www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүйдө күндүз 31…36°C, Таласта 28…33°C, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 33…38°C, Ысык-Көлдө 21…26°C, Нарында 22…27°C болот.
Бишкек шаарында кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы күндүз 32…34°C болот.
Ошондой эле 8-июль күнү эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги суунун температурасы 18,8°C деп катталды.