www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусу — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш объекттеринде экологиялык талаптардын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүдө.
Буга чейин курулуш тилкелеринде жүргүзүлгөн пландан тышкары текшерүүлөрдүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдарды бузуунун 30 фактысы аныкталган.
Инспекциянын жыйынтыгы менен 4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 107 миң сомдук айып пул салынган. Ошондой эле подряддык уюмдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жана аймактарды санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Кийинки мониторинг иштеринин алкагында жана ачык булактардагы маалыматтарды талдоонун негизинде инспекторлор тарабынан кошумча көчмө текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын Үрүм-Баш тилкесинде курулуш компаниясы тарабынан курулуш калдыктарынын мыйзамсыз жайгаштырылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча 9 протокол түзүлүп, жалпы салынган айып пулдардын суммасы 227 миң сомду түздү.
Учурда мыйзамсыз жайгаштырылган калдыктар толугу менен чыгарылды. Жооптуу тараптарга экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана уюмдарды айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын так сактоого, ошондой эле жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.