www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Манас эпосу жана санжыра — улуттук иденттүүлүктүн башкы символдору. Ар бир президенттин Манаска жана өзүнүн санжырасына болгон мамилеси өлкөдө улуттук тарыхты сактоо жана саясий түшүнүктөрдү айкалыштырууда маанилүү ролду ойногон. Бирок соңку жылдары бийлик өкүлдөрүнүн Манас жана жети ата темасына көз караштары коомдо талкуу жаратып келет.
2011—2017-жылдары өлкө башчылыгын аркалаган Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Орусияга сапары маалында «Эхо Москвы» радиосуна берген маегинде Манасты орусиялык маданият менен байланыштырып, «Манас — россиянин» деген ойду билдиргени коомчулуктун кеңири сын-пикирин жараткан. Айрымдары бул сөздү кыргыздын улуттук баалуулугун кемсинтүү катары кабыл алышса, башкалар аны саясий контекстте түшүнүүгө аракет кылышкан.
Ошондой эле, Атамбаевдин учурунда Алтай менен Манас эпосунун байланышы тууралуу темалар көтөрүлгөнү, бирок кыргыздардын Манасты өзүнүн түпкү баалуулугу катары сактап келгени да белгиленет.
Манас эпосунун жайылышы жана «жети ата» маселеси
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин (1990–2005) учурунда «Манас» эпосун мамлекеттик деңгээлде жайылтуу аракеттери күч алган. Анын тушунда «Манас» ордени түзүлүп, «Манастын жети осуяты» мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутула баштаган.
Ошол эле маалда Акаевдин өзүнүн тукуму жана жети атасы боюнча талаш-тартыштар айтылып, анын санжырасы оозеки жана жазма булактарда каралып келген. Атактуу тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун айтымында, Акаевдин тукуму Абыладан тараган деген пикири бар.
Курманбек Бакиев (2005–2010) өзүнүн санжырасында байыркы кыргыз баатырлары жана Манаска окшогон улуу ата-бабалары тууралуу айтылган. Анын мезгилинде улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери көтөрүлгөн.
Роза Отунбаева (2010–2011) Манас эпосуна карата “позитивдүү” мамиле кылып, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн «Манас» ордени менен сыйлаган.
Сооронбай Жээнбеков (2017–2020) дагы Манаска жана кыргыз тарыхына урмат-сый менен мамиле кылганы белгиленет. Тарыхчы Кыяз Молдокасымов анын санжырасын Ташкент архивдеринен тапкан.
Учурдагы президент Садыр Жапаров (2021-жылдан) өзүнүн ата-тегин жана санжырасын элге ачык жарыялап, Манас эпосуна оң пикирде экенин билдирип, даңазалады.
Кыргызстандын коомчулугунда Манас эпосу жана жети ата маселеси — улуттук маанилүү темалар. Бирок, алардын саясий лидерлер тарабынан кандайча колдонулаары жана интерпретацияланышы элдин реакциясын жаратып келет.
Айрым саясатчылардын «Манасты жээриген» деген дооматтары коомдо чуулгандуу пикирлерди жаратса, айрымдары улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн аракеттер болуп эсептешет.
Кыргызстанда Манас эпосу жана санжыра темалары улуттук жана саясий турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ар бир президенттин бул багыттагы иш-аракеттери жана пикири коомдо талкуу жаратат. Ошол эле учурда, бул маселелердин терең иликтениши жана илимий негизде каралышы маанилүү.
Азизбек Келдибеков, NazarNews